Жаңылыктар
Унаалардын өзгөчө номурлары сатыкка чыгат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Унаалардын өзгөчө номурлары сатыкка чыгат - Кыргызстан жаңылыктары

Автоунаасы башкалардан айырмаланып, мамлекеттик номери өзгөчө болуп туруусун каалагандар үчүн, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы мүмкүнчүлүк бермей болду. Ал үчүн автоунаанын номерине жазыла турган каалаган тамга менен санды тандап туруп, атайын өткөрүлө турган аукционго катышуу керек.

Онлайн аукцион боло турган убакыттан 10 күн мурда иш чара кайда жана качан болоору тууралуу маалымат мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жайгаштырылат. Бири-бирине окшош болгон, мисалы ААА сыяктуу тамгалар тандалса, баасы 30 миң сом, ал эми сандары окшош бирок тамгалары ар кандай болсо, 12 миң сомдун тегерегинде болот.

Аукциондон утуп чыккан автоунаа ээсине дал ушундай сертификат берилет. Ошол эле күнү тиешелүү баардык документтери жана мамлекеттик номер кошо тапшырылат.

Бирок "кооз" номерлерди алууда бир катар чектөөлөр бар. Мисалы кайсы бир мамлекеттик органдын же мамлекеттер аралык бирикмелердин белгилерин айгинелеген номерлерди буйрутма кыла албайт. Ошондой эле кайсы бир товардык белгилердин же башка бирөөнүн интеллектуалдык менчиги болуп саналган белгилерди колдонгонго болбойт.

Акыркы учурда өзгөчөлөнгөн белгилери бар мамлекеттик номерлерди сатуу бир нече эсеге көбөйгөн. Алардын орточо баасы 50 миңден 100 миңге чейин көтөрүлгөн учурлар бар. Эң кымбат сатылган учур 2016-жылы 01 KG 777 ААА мамлекеттик номери 1 млн 716 миң сомго сатылган.