Мындан ары авто унаа номерлерин мамлекет өзү чыгара баштайт. Анткени Мамлекеттик каттоо кызматы номер даярдоо үчүн жаңы жабдык сатып алды. Эске салсак, буга чейин номурдук белгилерди жеке компания даярдап, соңку жылдар аралыгында эле товар айландыруусу бир жарым млрд сомго чейин жеткен. Эми болсо, номур белгилерин чыгаруудан түшкөн каражат мамлекеттин бюджетине түшмөкчү.
Бул заманбап номер жасоочу жабдык менен мамлекет мындан ары авто унаа номер белгилерин өзү чыгара баштайт.Сыртынан жупуну көрүнгөнү менен бул аппарат кардарлар үчүн олуттуу кызмат кылат-дешет адистер. Буга чейин Кыргызстанда авто унааларга номур белгилерин чет элдик жеке компания аткарып келсе, эми унаа номерлерин даярдоодон түшкөн каражат мамлекеттин казынасына түшмөкчү. Болжол менен бул сумма жылына 100-200 млн сомго чейин жетерин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев айтат.
Жабдуу тууралуу Өндүрүш менен камсыздоо компаниясынын башчысы Рафик Бакусев айтып берди. Аппарат болгону өтө чакан эки машинадан турат. Бирөө боек берүү үчүн жылуулук чыгарса, экинчиси тамгаларды басат. Адис бул жабдуу толугу менен Кыргызстандын муктаждыгын жабарын белгилейт.
Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматы калктын бирдиктүү маалымат базасын түзүү долбоорунун алкагында борбордук авто унаа жана айдоочулар базасын дагы түзүп жатканы белгилүү болду. Мекеменин башчысынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, бул система төрт бөлүктөн турат жана ал электрондук кызматтарды көрсөтүү менен жуурулуша баштайт.
Көрүлүп жаткан бул аракеттер коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөрүнө адистер ишенишет. Анткени бирдиктүү бир маалыматтык база түзүлгөндөн киийн ал аркылуу мамлекеттик органдардын түйшүгү дагы кыйла жеңилдей түшөт-дешет алар.
М.Абдраманова, Биринчи радио