Жаңылыктар
Жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштады

Өлкө аймагындагы авто унааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар республиканын бардык аймагында бериле баштады. Ал “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан чыгарылууда. Жаңы үлгүдөгү номур  дүйнөлүк жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Унаа үчүн мамлекеттик номурларды жасоо мамлекеттин колуна биринчи жолу өтүп жатканын мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалымдады. Ал үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт. Номурдун баасы салыктарды кошкондо 950 сом деп бааланарын кошумчалады.

Белгилей кетсек  соңку жети жылдан бери унаа номурларды жеке компания чыгарып келсе, мындан ары  бул жоопкерчиликти «Инфоком» мамлекеттик компаниясы аркаламай болду. Сатуудан түшкөн бардык каражаттар өлкө казынасына түшөт. Өлкөдөгү автоунаалардан жаңы үлгүдөгү номур берүү чечимин  өкмөт былтыр декабрь айында кабыл алган.

 К. Калилов, "Биринчи радио"