Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы вакцинаны кимдер акысыз ала алаары белгилүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Сасык тумоого каршы вакцинаны кимдер  акысыз ала алаары белгилүү болду

 Калктын аялуу катмарындагы жарандарга сасык тумоого каршы эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Алардын тизмеси Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилет. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев  брифингде билдирди.

Тизмени  жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары менен ооруган адамдар, тез-тез ооруп жаткан балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан жогору адамдар толуктайт.

 Ал белгилегендей, эгер вакцина жетиштүү болсо мугалимдер, дарыгерлер жана транспорт кызматкерлери  акысыз эмделет.