Жаңылыктар
Кыргызстанда беш ай ичинде 103 балага зомбулук көрсөтүлүп, каттоого алынган
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда беш ай ичинде 103 балага зомбулук көрсөтүлүп, каттоого алынган

2020-жылдын 5 айында балдарга карата 90 үй бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, анда 103 бала жапа чеккен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алардан:

- 1 жаштан 3 жашка чейин - 7 бала;

- 4 жаштан 6 жашка чейин - 14;

- 7 жаштан 10 жашка чейин - 25 бала;

- 11 жаштан 14 жашка чейин - 32 бала;

 - 15 жаштан 17 жашка чейин - 29.

Алардын 49у эркек балдар, 54ү кыздар. 12си эмгек мигранттарынын балдары, 16сы жетим балдар (10 балдар үйүнүн тарбиялануучулары), 9у толук эмес үй-бүлөлөрдөн.

39 жашы жете элек өспүрүм аталарынан, 22си энелеринен, 13ү чоң аталарынан, чоң энелеринен  жана башка туугандары, 16сы асырап алуучулар тарабынан кордолгон.