Кыргызстанда 2миң 106 мектеп интернетке туташтырылды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, жалпысынан өлкөдө 2137 мектеп бар.
«Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан билим алышат. 28-августта биз Билим берүү жана илим министрлиги жана уюлдук операторлор менен биргеликте жолугушуу өткөрүп, анда билим берүү мекемелеринин онлайн режиминде билим алууга даярдыгы жөнүндө суроолорубуз көтөрүлдү. Мүмкүн болгон техникалык көйгөйлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, тармактын үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктадык. Республикада 31 мектепте Интернетке туташтырууда кыйынчылыктар бар экени белгилүү болду, алардын 11инде иш жүзүндө орнотулган», - деп билдирди расмий өкүл.