Жаңылыктар
Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуунун шарты жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуунун шарты жеңилдеди

Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуунун шарты жеңилдеди. Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык абалдын актылары жөнүндөгү жаңы мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Эми Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары бала төрөлгөнү тууралуу фактыны ата-энесинин документи жок болсо же өз убагында берилбесе деле каттай берет. 

Каттоонун «асырап алууну мамлекеттик каттоо» жана «аталыкты белгилөө» деген эки пункту алынып салынды. “Атасынын аты» деген жерге өз атасынын же асырап алуучунун, өгөй атасынын, чоң атасынын, таятасынын атын жаздырууга уруксат берилет. 

Мындан ары ата-эне жаңы төрөлгөн баласына «өзүлөрү кайсы жерде катталган болсо, ошол жерден күбөлүк ала алат» деген талап болбойт. Мындай норманы алып салууга ички миграциядагы туруксуз абал себеп болду деп айтылат маалыматта.

2019-жылы ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган «Көрүнбөгөн балдар» акциясында Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы 18 миң бала катталбай калганы маалым болгон. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк белгилүү бир убакыт аралыгында гана жазылып берилет. бул мөөнөттөн кеч калган ата-энелер 1000 сом айып пул төлөп гана документ ала алат.