Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында жыл башынан бери жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү туура эмес жазылып, шаар тургундары чет жакка чыга албай убара.
Айдаркен шаарынын тургуну Махаматжан Мурзабековдун туугандары Өзбекстандын Сох районунда турушат. Алар менен катташууда чек арадан кирип чыгууга туура келет. Уул-кызы менен чек ара постунан өтүп жатканда кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлугүн жараксыз деп кайтарылгандыгын айтат. Анткени күбөлүктө Айдаркен шаары эмес, айыл өкмөтү делинип, Баткен областы деген сөз “оласти” деп жазылып калган.
Мындай ката жазылган күбөлүктөр Айдаркенде жыл башынан бери төрөлгөн же кайрадан жаңыртып алган жарандарга берилип жатат. Мындай ката жазылган күбөлүктөр чет өлкөлөрдө эле эмес Кыргызстандын ичинде да жараксыз делинип жатыптыр. Жергиликтүүлөр каттоо кызматанын айынан жапа чегип жатабыз дешет.
Туулгандыгы тууралуу жараксыз күбөлүктөр канча адамга берилгендиги боюнча маалымат так эмес. Шаардык мэрия да тургундардын арызы боюнча Кадамжай райондук жарандык актыларын каттоо кызматына кат жөнөтүү менен чектелишкен. 4 айдан бери шаарда төрөлгөн балдардын күбөлүгү жараксыз берилип жатканына чечкиндүү аракет болгон эмес.
ан. Ага чейин айыл өкмөтү болуп турган.