Жаңылыктар
Ошто жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей жатат

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатышат. Мындан улам ата-энелер нааразычылык билдиришүүдө. Ош шаардык жарындык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн бул көйгөй чындап эле орун алганын билдиришип, ага күбөлүктөрдүн мукабалары түгөнүп калганы менен түшүндүрүштү. 

Бир ай ичинде Ош шаарынан борборго эки миң балага ылайыкташтырылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө мукабага деп буйрутма берилет. Ал эми Ошто туулгандыгы тууралуу күбөлүккө бир жумадан бери жок. Бирок качан чечилээри белгисиз бойдон калууда. Жаш балдар боюнча иш алып барган ЮНИСЕФтин атайын программасынын 2018-жылдагы берген маалыматы боюнча Кыргызстанда жаңы төрөлгөн баланын 98 пайызы катталат. Бирок 5 жашка чейинки 18 миңдей наристе каттоого алынган эмес. Эске салсак, Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматында Кыргызстандын калкынын саны быйыл, 2019-жылы, 6 389 500 адамга жетти.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"