Өкмөт туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга документ берүү боюнча Улуттук компанияны жүргүзүүдө. Ага ылайык, ата-эне күбөлүктү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алат. Тийиштүү мамлекеттик органдар документи жоктордун тизмесин түзүп, анын негизинде документтештирүү өнөктүгү жүрүүдө.
Улуттук кампаниянын алкагында баласынын документи жок ата-энелердин айрымдары күбөлүктү жеңилдетилген шартта ала баштады. Ош облусунун тургуну Гүлнара Розиева кезерип кезек күтпөстөн баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн колуна алды. Талап боюнча, ата-эне баласы төрөт үйүнөн чыгып жатканда эле, күбөлүгү менен кошо чыгыш керек. Бирок айрымдар баласы мектепке барганга чейин чыгынбайт. Айрымдары кандайдыр бир себептерге байланыштуу документти ала албай калган.
Эми минтип документ ала албай жүргөндөр ушул жылдын аягына чейин баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алса болот. Муну Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин август конференциясында билдирген. Өлкө боюнча 1200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өкмөттүн тапшырмасы менен Мамлекеттик каттоо кызматы тийиштүү органдар менен биргеликте түзүлгөн тизменин негизинде документти даярдап, балдар жашаган аймактарга жөнөтөт.
Өкмөттүн тапшармасы менен мындан ары Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты бирдиктүү тутумдан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат бериши керек.