Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди

Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилди. Мындай чечим, облусттук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды. 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, уруксат берүү менен бирге айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлөт. “Райондор жана региондор аралык жүргунчүлөрдү ташууга уруксат берилет. 

Бирок беткап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт”, - деп баса белгиледи Түлөбаев. Ошондой Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттору алынганы айтылды. 

Санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек. Алар буга чейин кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. «Эгер постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, — дейт Түлөбаев.