Жаңылыктар
Дарыланып чыккан бейтаптар боюнча маалыматтык программа иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыланып чыккан бейтаптар боюнча маалыматтык программа иштейт

“Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн Маалыматтык База иштейт, анда ооруканада дарыланып чыккан ар бир бейтап боюнча маалыматтар камтылган: социалдык статусу, жаш курагы, клиникалык диагнозу, стационарда болгон убактысы, саламаттык сактоо уюмдарында киргизилет. Программа онлайн режиминде иштейт”, - деп билдирди ММК фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков.

Ал программа дарыланып чыккан учурдун татаалдыгына, бейтаптын социалдык статусуна жана кызмат көрсөтүлгөн аймакка жараша ар бир дарыланып чыккан учурдун наркын өзү эсептеп чыгат. Ушул программанын маалыматтарынын негизинде ооруканаларды каржылоо жүргүзүлөөрүн кошумчалады.