КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ Президенти Владимир Путиндин ортосундагы жетишилген макулдашуулардын алкагында Россия Федерациясы 2020-жылдын 26-июлунда гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын жиберди.
Гуманитардык жүк медициналык жабдуудан, дары каражаттарынан жана ЖКК турат:
- рентгенографикалык аппарат - 5 даана,
- оксометрикалык белдиргич менен анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор – 65 даана,
- оксометрикалык белдиргичи жок анестезиология жана интенсивдүү терапия үчүн монитор – 5 даана,
- өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат - 31 даана,
- эноксапарин натрий – 49350 даана,
- олокизумаб – 550 даана,
- медициналык беткап – 100000 даана.