Эркеайым Шамбетова Бишкектеги №69 гимназияны кызыл аттестат менен аяктады. Андан тышкары алдыңкы окуучу экенин тастыктаган өзгөчө үлгүдөгү алтын тамга сертификатынын да ээси. Жалпы республикалык тестирлөөдөн да эки жүздөн көп балл алды. Эми алдыда жогорку окуу жай жана кесип тандоо милдети турат.
Адатта бүтүрүүчүлөр документин көтөрүп алып, окуу жайдан окуу жай кыдырып тапшырышса, быйыл мына бул компьютердин жардамы менен гана университет тандап жатышат. Атайын ачылган интернет сайтта бардык окуу жайлардын тизмеси камтылган. Эркеайым да үйдө отуруп эле жогорку окуу жайларга талон таштап жатат.
Министрлик тарабынан иштелип чыккан 2020.edu.gov.kg сайты абитуриенттер үчүн болушунча ыңгайлуу жасалды. Сайтта бардык университеттер, факультет, бөлүмдөр тууралуу маалыматтар бар. Талон таштаган болочок студенттердин малыматтары сыр катары толук корголот. Ар бир абитуриенттин телефонуна сыр сөз жазылган билдирүү жиберилип, тутумдагы өздүк баракча аркылуу гана документтер жиберилет. Мындай санарип кабыл алуу биринчи кезекте келечектеги студенттердин ден соолугу үчүн жасалууда.
Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде университетке өткөн абитуриенттер окуй тургандыгын тастыкташы абзел. Эгер абитуриент кайрылбаса окуу жай ордуна кийинки турда башка студентти кабыл алып коюшу мүмкүн. Ошондуктан абитуриенттер сөзсүз түрдө чечимин университетке билдирип коюшу керек.