Жаңылыктар
Стационарга кайрылгандар азайды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Стационарга кайрылгандар азайды - Кыргызстан жаңылыктары


Спорт сарайында уюшулган күндүзгү стационарга медициналык жардам алуу үчүн кайрылган жарандар азайганы байкалууда. Электрондук кезек системасы үчүн имараттын сыртында атайын жабдуу орнотулган. Ал абал оорлошуп турган учурда баш аламандыктын алдын алды. Эми болсо кезегин күткөн бейтаптар саналуу гана.

Имараттын ичинде да кымгуут болгон көрүнүш жок. Убактылуу жай уюшулгандан бери буту-бутуна тийбей чуркап, бейтаптарды дарылоого араң жетишип келген ак халатчандардын түйшүгү эми кыйла жеңилдеди.

Кайрылгандардын көпчүлүгү тамчылатып дары алууда. Беш күндүк медициналык камкордук бейтаптардын айыктырды.

150 орунга ылайыкталган күндүзгү стационардык жайда эрте мененки саат сегизден кечки сегизге чейин эле миңден ашык бейтапты тейлеген учурлар болду. Эми кайрылгандардын саны дээрлик эки эсеге азайды.

Бул бейтаптардын азайганынын бир эле стационардагы мисалы. Бишкектеги 13 күндүзгү жана 3 түнкү убактылуу жайлардын баарына кайрылгандардын агымы басаңдады.