Жаңылыктар
"Семетей" госпиталындагы абал - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
"Семетей" госпиталындагы абал - Кыргызстан жаңылыктары

Бул коронавируска кабылгандарды дарылоочу кызыл аймак. Бейтаптар бир палатага экиден жатып дарыланууда.

Жаңыл Эшенакунова ооруканага келип жатканына 4 күн болду. Бир жума катары менен башын көтөрө албай ооруганынан, рентгенге түшсө эки өпкөсүнөн пневмония болуп калганы тастыкталган.

Учурда ооруканада дарыланып жаткандар көп. Көбү жугуштуу илдетке чалдыкса, калгандары Жаңыл айымдай болуп пневмониядан дарылангандар. Мындай учурда бейтаптарга тынчтык керек. Бирок ага карабай жакын туугандары көрүп келе бергенинен госпиталда баш аламандык орун алып жатат. Жакындарына киребиз деп жөөлөп келген учурлар бар.

 Бул госпиталда Бишкектеги төрт оорукананын базасы жайгашкан. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институту 200 орундук камсыздаган. Улуттук хирургия борбору 100, Чүй облустукооруканасы 200, онкология жана гематология борбору 100 жана андан тышкары жандандыруу бөлүмүндө 50 орун бар.

Жугуштуу ооруну дарылоочу жайда 8 куб каныктырылган кычкылтек толтурулган борборлоштурулган идиш коюлган. Мындай медициналык жабдуу азыркы шартта аба менен суудай керек.

Госпиталды материалдык-техникалык жактан камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мойнуна жүктөлгөн. Мекеменин өкүлдөрү ооруканадагы шартты камсыздоого милдеттүү.

Госпиталдын аймагы күнүгө дезинфекцияланып турат. Бейтап же кызматкер болобу 3 маал ысык тамак-аш, гигиеналык каражаттар менен камсыз болгон. Тазалык да тартипке келтирилген. Күнүнө бир маал тиричилик жана медициналык таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу иштери уюштурулган.

Жандандыруу бөлүмүнө автономдук электр булагы жана муздаткыч орнотулган. Госпиталда дары алуу үчүн дарыкана жок деген дооматтар айтылып келген. Бул кемчилик эске алынып, күнү-түнү иштеген кошумча 2 дарыкана ачылып, иштеп жатат.