Жаңылыктар
Жаңы реанимобилдердин баасы - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы реанимобилдердин баасы - Кыргызстан жаңылыктары

Коомчулукта жаңы сатып алынган тез жардам унааларынын баасына байланыштуу талаш жаралууда. Ушул “Соболь” үлгүсүндөгү унаа бардык медициналык жабдуулары менен кошо 49 миң долларга алынган. Айрым эксперттер бул нарк өтө жогорулатылган деп эсептейт”.

Мындай тез жардам унаасынан оноо сатып алынган. Андан сырткары Форд үлгүсүндөгү реанимобилден үчөө алынган. Алардын ар биринин наркы 90 миң доллар деп эсептелди. Бул баа менен сапатка байланыштуу талкууларды күчөттү.

Каражат Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан берилгендиктен компанияны тандоо аталган каржы уюму тарабынан уюштурулган. Долбоордун жетекчилиги тендер эл аралык деңгээлде жарыяланганын, бирок ага жергиликтүү компаниялар гана катышып, эң арзан бааны сунуштаган тарап жеңишке ээ болгонун билдирүүдө.

Россиядагы тез жардам унааларын саткан ишканалардын расмий сайттарына үңүлүп көрсөк ар кандай классификациядагы реанимобилдердин баасын көрүүгө болот. Орусиянын өзүндө өндүрүлүп, медициналык аппараттар менен жабдылган машинелер 17 миң долларга чейин турат. Ал эми Пежот, Форд үлгүсүндөгүлөр 50 миң долларга чейин бааланган. Бирок кандай медициналык жабдуулар орнотулганы тууралуу так маалымат жок. Россиядагы бир катар ишканалар биздин кайрылуубузга жооп берип, жабдуулардын аталышын жакынкы убакта тизмектеп берээрин билдиришти.

Унаалар ар аймактарга бөлүштүрүлдү. 49 миң долларлык реанимобилдин Ысык-Көлгө жете элек жатып бузулганы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Учурда жеке ишкана унааны оңдоо менен алек болуп жатканы кабарланды. Анын бузулушуна айдоочунун катасы себеп болду деген жооп айтылды. Тендерди уюштурган тарап унаалардын заводдон качан чыгарылганы тууралуу маалыматка ээ эмес. Документтери текшериле элек экен.