“Манас” эл аралык аэропортту 17-июлда «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан 159 КР жараны келди, алардын арасында жаш балдар дагы бар.
Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарап менен жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.
Белгилей кетсек, бул каттам менен АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея Республикасы, Вьетнам, Япония, Мальдив жана Бахрейндеги мекендештер Кыргызстанга Дубай аэропортунан "Emirates airlines" авиакомпаниясы аркылуу транзиттик каттам менен которулуп келишкен.
Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 24 жана 31-июлга пландаштырылган, бул каттам менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз байланышты калыбына келтирген Кыргыз Республикасынын жарандары кайта алышат. Ошондой эле жарандар авиабилеттерди сатып алууда түздөн-түз авиакомпаниялардан Дубай шаарындагы транзиттик каттамдардын камсыздалышын жана каттамдын уча турган уруксатын тактоолору керек. Дубай аэропортунда транзиттин болуусу Бишкек шаарында ташып чыгарылуучу каттамдын учуп чыгуусуна чейин 24 сааттан ашпашы керек.
Дубай шаарындагы аэропортто каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышып, алардын жыйынтыктары терс натыйжа көрсөткөн.
️Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.