“Кыргызстандын аймактары үчүн атайын дизель майы керектелүүчү 4WD “Соболь” унаалары алынды. Унаанын ичинде - дем алдыруучу системалары, кычкылтек баллондору жана бардык жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон жабдуулар орнотулган. Бир унааны баасы болжол менен алганда 49 миң долларга айланган. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттары орнотулган», - деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов.
Анын айтымында, тез жардам унааларын сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, ага жалпысынан 4 компания катышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң тез жардам унаалары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле, М. Исмаилов унаалардын баасына токтолуп, сапаты баасына төп келээрин кошумчалады. Аталган тез жардам унааларынын комплектациясы, жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болуп, анын ичиндеги медициналык жабдуулар менен каражаттарды эске алганда баасына туура келет.