Жаңылыктар
6 ай ичинде Социалдык фонд 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия төлөп берди
Кыргызстан жаңылыктары
6 ай ичинде Социалдык фонд 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия төлөп берди

2020-жылы 6 ай ичинде Социалдык фонд 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия төлөп берди.

“Бүгүнкү күндө пенсионерлерге пенсия төлөмдөрү өз убагында төлөнүп жатат жана мындан ары дагы төлөнүп турат. Пенсионерлер бул боюнча кабатырланбай эле койсо болот. Айта кетсек, өткөн жылы 600 миңге жакын пенсионерге жалпы 43 млрд сомдон ашык пенсия төлөнгөн. Ал эми, жашоо минимуму бул жылы 4900 сомду түзүп, пенсионерлердин 58%ы жашоо минимумунан жогору өлчөмдөгү каражат төлөнөт», - деп билдирди КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов.

Анын айтымында, эгерде кандайдыр бир суроолор болсо социалдык фонддун атайын 1202 колл-борборуна жана ишеним телефондоруна чалсаңыздар болот. Мындан сырткары, пенсионерлер убактыларын коротпостон интернет аркылуу сайттан жеке кабинетке кирип бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.