Жаңылыктар
Өзгөчө абал учурунда иштеген ИИМ кызматкерлерине кошумча акы төлөнөт - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө абал учурунда иштеген ИИМ кызматкерлерине кошумча акы төлөнөт - Кыргызстан жаңылыктары

Өзгөчө абал учурунда иштеген ички иштер органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөм берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Ага ылайык, 2000-жылдын 26-октябрында өкмөт тарабынан бекитилген "Эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде Кыргызстандын аймагында жана анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматкерлерине кошумча кепилдик жана кенемте жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдун жобосуна ылайык, өзгөчө абал шартында өз тапшырмаларын аткаргандарга кызмат орду менен аскердик наамга жараша үч эмгек акы өлчөмүндө маяна төлөп берүү каралган. 

Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир эмгек акыны ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат, ушунун негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша эки эмгек акы калат. Ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет. Өзгөчө абал учурунда милиция "аскердик кооптуулук" күжүрмөн даярдыгы баскычына өткөрүлгөн. Ага байланыштуу, ички иштер органдарынын кызматкерлери казармалык абал шартында кызматын өтөштү. 

Ички иштер органдарынын өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлеринин иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, коменданттар тарабынан бекитилип кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Жакын арада ички иштер органдарынын өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет.