Жаңылыктар
Доха: Дүйнө чемпионатында кытайлык жөө күлүктөр медаль тагынышты
Спорт
Доха: Дүйнө чемпионатында кытайлык жөө күлүктөр медаль тагынышты

Дохада болуп жаткан турнирде кытайлык спортчу Лю Хун жеңил атлетика боюнча 20 чакырымга басып, жеңишке ээ болду. 32 жаштагы спортчу 1 саат 32 мүнөт 53 секундада марага биринчилерден болуп келди. 

Экинчи жана үчүнчү орундарды анын мекендештери Цеян Шэньцзе жана Ян Люцзин камсыздады. Ал эми бейтарап макам менен чыккан орусиялык жөө күлүк Яна Смердова 31-болуп келди. Бул бардык медалдарды бир өлкөнүн спортчулары алган алгачкы мелдеш. Белгилей кетсек, Дохадагы дүйнө чемпионаты 6-октябрда аяктайт.