Жаңылыктар
Салык кызматы рейдге чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы рейдге чыкты

2-сентябрдан баштап Мамлекеттик салык кызматы Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейдге чыкты.

Болжол менен 70 миң долларды чапчыган бул унанын ээси 500 сом салыкты өз учурунда төлөгөн эмес. Аны токтоткон учурда, ээси тааныштарына чалып, салык кызматынын инспекторун сүйлөшүп коюуну өтүнүп жатты.

Ал эми Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери  акыркы рейдге чейин айдоочуларга бир канча жолу эскертүү берилгенин айтып, бирок тыянак чыкпаганын кошумчалашты.

Бишкектин Максим Горький менен Мукай Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги текшерүүнүн жүрүшүндө көпчүлүк айдоочулар салыкты төлөгөндүгүн тастаган кагаздарын көргөзүштү. 

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун аймагындагы текшерүүдө бир саат ичинде 20дан ашык унаа токтотулуп, анын экөөнө айып пул салынды. Салык кызматкерлери бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу жыйынтык жакшы экенин билдиришти.