Башкы прокуратура Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюча кылмыш ишин козгоду. Эми аны Аскер прокуратурасы иликтейт. Асанов “милициянын кызыкчылыгын сатты жана ага карата жетекчиликтин ишеними жоголду” деген негиз менен кечээ кызматынан алынган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Асанов 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда өзүнө тиешелүү милдеттерди так аткарбай, министрдин тапшырмасына баш ийген эмес.
Бул 8-август күнү Кой-Ташта болгон окуя. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, Курсан Асанов үйдүн ичине киргенге чейин эле министр Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары менен эки жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын негизги максаты - кан төгүлбөстөн Атамбаевди колго түшүрүп жана бардык маселелерди укуктук талаада чечүү болгон. Башында мындай сунушка каршылык көрсөткөнү менен, кийин Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берүүнү чечкен. Бул тууралуу Кашкар Жунушалиев күн мурун маалымат жыйында билдирген.