Жаңылыктар
"Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алуу, анын редакциялык саясатына байланыштуу эмес
Кыргызстан жаңылыктары
"Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алуу, анын редакциялык саясатына байланыштуу эмес

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти "Апрель" телеканалынын ишин токтотушу боюнча билдирүү жасады. 

Мекеме ""Форум" жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алуу редакциялык саясатына, контентине же бийликке карата позициясына тиешеси жок экенин билдирет. 

"Апрель" каналы мамлекеттик органдарга сын-пикирин ачык билдирип келгени баарына маалым. Канал ачылгандар тартып маалымат саясатына бир дагы кийлигишүү же кандайдыр бир чектөө болгон эмес. Каналдын мүлкү оор кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип жаткан адамга тиешелүү болгон үчүн салынды, -деп айтылат маалыматта. 

Андыктан департамент бул жагдайды саясатка айландырбай, туура кабыл алууга чакырат.