Жаңылыктар
Кой-Таштагы окуяда жаракат алган Самат Курманкулов Москвада дарыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таштагы окуяда жаракат алган Самат Курманкулов Москвада дарыланат

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда Кой-Таштагы окуяда жаракат алып, эс учуна келе албай жаткан Самат Курманкуловдун абалы боюнча консилиум болду.

Ага Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия Борборунун нейрореаниматологу, медцина илимдеринин доктору Александар Полупен жана ушул эле борбордун нейрохирургу Ярослав Латышев катышты.

Кыргыз-орус дарыгерлери Самат Курманкуловду бирге текшерип өргөндөн кийин ага кайрадан нейрохирургиялык операцияын зарылдыгы жок, интенсивик дарылоону улантуу керек деген бүтүмгө келишти. 

Мындан тышкары Курманкуловдун андан аркы дарылануусу үчүн Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия Борборуна которуу чечими кабыл алынды. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, ага жол жүрүүгө болот. Азыркы тапта Курманкуловду алып кетүү маселеси каралып жатат жана ал жакынкы убакта ишке ашат.