Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Атайын операциянын жүрүшүндө укук коргоо оаргандары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев кармалды. Жыйынтыгында Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүктүн аскери каза болду. Ондогон адамдар жарадар болду. Бул окуялар боюнча бир катар кылмыш иши козголду.
Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, токтом долбоорун кабал алды. Бул окуяларга эмне себеп болду? Атамбаев Башкы прокуратура тарабынан беш кылмыш ишине байланыша бар экени аныкталган.
Ага чейин Жогорку Кеңештин чечими менен Атамбаевдин экс-президент макамы алынып салынган. Кримтөбөл Батукаевди бошотуу боюнча кылмыш ишине байланыштуу үч жолу суракка чакыртылганы менен Атамбаев алардан баш тартып барган эмес.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигине суракка үч жолу чакырылган. Биринде Ички иштер министринин орун басары Кой-Таштагы үйүнө да келген. Бирок бул чакыруулардан Атамбаев баш тарткан.
Күбө катары сурак берүүгө барбагандын кесепети 7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери барганда тергөө жумуштарына каршылык көрсөтүп, ошондой эле анын тарапташтарынын да көрсөткөн каршылыгы кагылышуу менен коштолду.
Атамбаевдин тарапташтары тарабынан ок жаңырып, суюктук куюлган бөтөлкөлөр жана таш ыргытылып ызы-чуу жаралганы анысыз да эки революцияны башынан өткөргөн Кыргызстандыктарды кооптондурду. Ага чейин Алмазбек Атамбаев мыйзамдарга баш ийбей, куралы бар экенин, курал колдоно турганын билдирген жана айтканын аткарды.
Кагылыштын аягы атайын даярдыктагы кызматтын офицери Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө алып келди. Маалыматтар боюнча ал Атамбаевдин үйүнүн ичинде ок жаңылып курман болду. Ок өткөрбөгөн, чопкутталган аскердик кийимден да өтүп кеткени айтылууда. Дагы бир канча укук коргоо органдарынын кызматкерлери сабалып, оор жаракаттарды алды.
Экинчи күнү 8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө киргизбей жаткан чогулган элди милиция көздөн жаш агызган газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп таратышты. Укук коргоо органдары кечинде Бишкек шаарына чыккан башаламандык уюштурууга чыккандарды да таратып, абалды тез арада турукташтырды. Муну менен укук коргоо органдары мыкты ишин жана жогорку тажрыйбасын көрсөттү.