Кой-Таштагы кылмыш иштерди мамлекет башчы жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Аны менен бирге УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында окуянын кесепеттери жана ага карата аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында козголгон бардык кылмыш иштери боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алууну талап кылды.
Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул окуялар боюнча Алмазбек Атамбаевге бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев “Адам өлтүрүү” баш болгон бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө. Аны менен бирге Орозбек Опумбаев УКМКнын жаракат алган кызматкерлери жана алардын абалы тууралуу маалымат берип, бул багытта мурдагы президенттин кадамын мыйзамсыз көрүнүш деп билдирди.