Жаңылыктар
Өз айылын өнүктүрүүгө салым кошуп, эл мүдөөсүн орундаткан тургун
Кыргызстан жаңылыктары
Өз айылын өнүктүрүүгө салым кошуп, эл мүдөөсүн  орундаткан тургун

Элет элинин турмушун алдыга сүрөөдө, өз айылын өнүктүрүүгө салым кошкон тургундардын үлгүлүү кадамдары жок эмес. Бул аракеттер аймактарды өнүктүрүүнүн дагы бир негизги көмөгү катары бааланат. 


Алардын бири - Сузак районунун Көк-Арт айлынын тургуну Алмаз Кимсанов. Анын иш билгилиги менен айылга 14 миллион сомго жакын инвестиция тартылып, эски мектептин чатырынын жаңыланышынан тарта, жайлоого каттоочу көпүрө көйгөйү толугу менен чечилген. 



Эл мүдөөсүн өз күчү менен орундаткан Алмаз Кимсанов көпүрөдөн тышкары, айылдагы мектептин чатырын да толугу менен жаңылап, спорт залды капиталдык ремонттон өткөрүп берген. Аны менен эле чектелбестен алдынкы окуучулар менен окутуучулардын эмгегин баалап кызыктыруучу сыйлыктарды уюштуруп турат. Мектеп директорунун айтымында, ишкер 6 жыл аралыгында мектепке 8 миллион сомго чукул жардам көрсөткөн.


Элеттен чыгып эл керегине жарап жаткан атуулдар, айыл турмушун оң жагына сүрөөгө тирек болуп жатканы айылдыктарды кубантат. Ушул эле ишкердин дагы бир салымы - таза суу киргизүү үчүн 3 миллион сомго жакын көмөк көрсөткөн.