Жаңылыктар
Элет элин кубандырган курулуш
Кыргызстан жаңылыктары
Элет элин кубандырган курулуш

Ала-Бука районунун Көк-Таш жана 1-Май айыл аймагында элди түйшөлтүп келген оорукана, маданият үйү, спорттук жайлар жана башка бир катар социалдык көйгөйлөр чечилгени турат. Курулушу жүрүп жаткан объектилер быйыл пайдаланууга берилет. Аймактарды өнүктүрүү жылында ишке ашып жаткан жаңы курулуштар элет элин кубандырууда.



Көк-Таш айыл аймагы Ала-Бука районунун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Шарты катаал аймактагы элди тейлеген айылдык оорукананын да имараты эскирип, дубалдары көчө баштаган. Мындан улам жаңылоо муктаждыгы көп жылдан бери көтөрүлүп келген.


Ала-Бука районунун борборунан 100 чакырым алыс жайгашып, шарты татаал аймактардын катарына кирген Көк-Таш айыл аймагына жаңы 2 кабаттуу оорукана курулап жатат. Ал 20 орунга ылайыкташкан.

Айыл аймакта бала бакча менен спорттук жайлардын да курулушу жүрүүдө. Аларга каражат айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн. Белгилеп кетүүчү жагдай, Көк-Таш айыл аймагы акыркы 4 жылдан бери өзүн-өзү толук каржылаган айыл өкмөттүн катарына кирет. Аймакта тоо-кен тармагы иштегендиктен салык түшүп турат.

Ал эми дотацияда отурган 1-Май айыл аймагында да бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Бюджет чектелүү, акча каражаты жок деп эле отуруп калбаган айыл өкмөт башчысы чет элдик инвестиция тартуу иштерине басым жасаган. Быйыл 150 миллион сом инвестиция алып келүүнү пландап, анын 80 миллион сому ишке ашкан. Учурда айыл аймакта таза суу тартуу, спорттук жайларды куруу иштери жүрүүдө.