Жаңылыктар
Элди кубандырган элеттеги жакшыртуу
Кыргызстан жаңылыктары
Элди кубандырган элеттеги жакшыртуу

“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүндө бир катар иштер жасалды. Айыл ичин аралаган жолдорго жаңы асфальт төшөлүп, аз да болсо элдин түйшүгү жеңилдеди. Андан сырткары жаштар үчүн футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилип жаткан бул имарат жаштар борбору болот. Эми мында компьютердик класс, чет тилдерди окутуучу ийрим, андан сырткары китеп окуй турган бөлмөлөр уюштурулат. Билим борборун ачуу айыл жаштарынын көптөн берки тилеги болгон. Бирок айыл өкмөттө ага ылайыктуу имарат табылбай келген. Жаштардын өтүнүчү менен кароосуз турган имарат толугу менен 2 миллион сомго заманбап болуп капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Бул күнү Көк-Серек айыл өкмөтүнүн жаштарына дагы бир жагымдуу белек болду. Теңги айылына 2 миллион 300 миң сомго ачык типте курулган футбол аянтча пайдаланууга берилди. Мындай аянтча биринчи жолу салынды. Буга чейин айыл өкмөт боюнча болгон эмес. Ушул эле футбол аянтчанын жанына дагы бир жабык типтеги спорт зал 12 миллион сомго курулууда. Келээрки жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. 

Көк-Серек айыл өкмөтүндө жаңы курулуштардан сырткары жолдорду жаңылоо иштери аткарылган. Жергиликтүү жайшоочулардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири - жол болуп келген. Быйыл элдин көптөн күткөн тилеги аз да болсо ишке ашып, Теңги айылында 2 жарым чакырым айыл аралган жол асфальтталды. Ага 13 миллион сом каражат жумшалган. Буга чейин негизги көчө асфальт болбогондуктан, жашоочулар чаң жутуп жашаганга аргасыз болуп келишкен. 

Көк-Серек айыл өкмөтүндө таза суу маселеси курч. 6 айылдын тургундары агынды суудан ташып ичет. Жакынкы жылдары ал көйгөй чечилгени калды. 2020-жылдан баштап таза суу тартуу иштери башталат. 212 миллион сомдук долбоор тендерден өтүп, жеңүүчү аныкталган. Таза сууга жумшалуучу каражат өлкө казынасынан каралган. Аягына чыкса, айыл өкмөттүн эли толук ичүүчү суу менен камсыз болуп калат.