Жаңылыктар
Жаңы автобустардын сапаты кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы автобустардын сапаты кандай?

Бишкек шаарына газ менен жүргөн жаңы автобустар келди деген маалымат эки-үч күн мурда айтылган. Ал ортодо шаар күнүнө карата ишке чыгат делип жаткан автобустардын, сапатсыз экендигин жана ага карата өткөн тендерде уткан компания туура эмес тандалып алынганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жаңы автобустар чынында эле сапатсызбы, интернет булактарындагы маалымат канчалык деңгээлде чындыка дал келет?


Айдоочу Найман Нуржанов 38-каттамда автобус айдайт. Көп жылдан берки тажрыйбасына таянып, жаңы автобустар кыйла сапаттуу жана жүргүнчүлөргө ылайыктуу экенин айтат. Мурдагы автобустардын отургучтары желим болуп, кышкысын жүргүнчүлөр нааразы болушса, жаңы автобустардыкы андай эмес.

Жаңы автобустар мурдагылардан узундугу менен айырмаланат. Ошондо эски автобустарда 24 орундук болсо, бул жерде 30 орундук, туруп турган жүргүнчүлөрдү кошкондо баардыгы болуп 80 адам батат.

Учурда борбордо 150 автобус каттамга чыгат. Ал эми 125и оңдолууда. Мэрия болсо шаардыктарды коомдук транспорт менен толук камсыздоо үчүн жалпы жонунан миңдей автобус керек экендигин айтат. Азырынча жаңы келген автобустар транспортко муктаж болуп жаткан катамдарга бөлүштүрүлөт.