Жаңылыктар
11-майдан тарта машруткалардан башка коомдук транспорт өз ишин баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
11-майдан тарта машруткалардан башка коомдук транспорт өз ишин баштайт

Алар саат 7.00дөн 20.00гө чейин каттаарын Бишкек мэриясынан билдиришти. "Автобустар менен троллейбустар санитардык коопсуздук эрежелерин карманып иштешет", — деп айтылат билдирүүдө. Учурда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” медиктерди, милиционерлерди жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташуу менен алек болууда. "Шаар мэри Азиз Суракматовдун таршырмасы менен бюджеттен автобус жана троллейбус айдоочуларына айлык үчүн 12 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле мэрия айдоочулардын үй-бүлөсүнө жардам берүүдө", — деп айтылат кабарда.

Такси кызматы Бишкекте 1-майдан тарта иштей баштады. Негизги шарт санитардык эрежелерди сактап, унаасына экиден ашык жүргүнчүнү салбашы керек. Маршруткалар боюнча айта турган болсок, азырынча алар кооптуу деп эсептелгендиктен, эпидемиологиялык абал толугу менен турукташмайынча жолго чыкпай турат.