Сокулук районундагы кызматтык иттердин машыгуу шаарчасында кинологдордун мелдеши өттү. Анда үйрөтүлгөн иттер кылмышкердин изине түшүп кармоо жана наркотикалык затты издөө боюнча сыналды.
Кызматтык ит, ээсинин буйругун угаары менен, түрмөдөн качкан адамды табууга жөнөдү. Ал кылмышкердин изи менен баратат. Үйрөтүлгөн ит жабык жайдан качкан адамдын изин жыт аркылуу сезет.
Лайка пародасындагы иттин аты Балта. Ал төрт жашта. Башка иттерден, акылдуулугу, шайдооттугу менен айрымаланып турат. Акылдуу дегенибиз, кылмышкерди кууп баратканда, үн чыгарбай, башка иттерге окшоп, үрүп, ызы-чуу салбай барып колго түшүрөт.
Ушул сыяктуу атайын үйрөтүлгөн иттер менен кинолог адисттери мелдешке катышты. Ага 6 айлыктан баштап 8 жашка чейинки, түрдүү тукумдагы иттерди алып келишти.
Кызматтык иттер кылмышкерди изине түшүп кармоо жана наркотикалык затты издеп табуу боюнча сыналды.
Жарышка чыккан иттерди атайын калыстар тобу баалап, 1-2-3- орунду алган иттерге медаль тагылды. Аларды машыктырган кинологдого диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.