Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жолбун иттер малга кол салган учурлар катталды. Мындан улам коомчулукта жер-жерлердеги жолбун иттерге көзөмөлдү күчөтпөсө адамдарга тиш салышы мүмкүн деп кооптонушат.
Лайф: жолбун иттер кочодогу малды жарып салды…малга кол салып атышат, тортоо экен. Карышкырдай эле…бир аздан кийин кишилерге кол салышы мумкун…
Бул тасмадагы койго төрт ит кол салган. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мындай окуя биринчиси эмес. Кароосуз иттер эми адамдарга да кол салышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
Ал эми Бишкек шаарында жолбун иттен жабыркаган адамдар аз эмес. Күн сайын кутурма оорусунун алдын алуучу дарыгерлерге ит тиштеген 20-30 адам кайрылат. Жыл жаңыргандан бери мышык, ит кол салып, 600дөн ашык адам катталган. Алардын дээрлик 30 пайызын жолбун иттер тиштеген.
Борбор калаанын тегерек четиндеги жаңы конуштарында жолбун иттер арбын кезигет. Алардын көчө бойлоп, таштандыларды тытып, көзөмөлсүз эле көбөйүп жатканы байкалат.
Бул ит 6 күн мурун "Боорукер колдор" деп аталган жаныбарларды коргоо фондуна алынып келген. Кароосуз калган жаныбарды ветеринарлар текшерип, эмдөөдөн өткөрүштү.
Жаныбарларды коргоочу мамлекеттик эмес фонддор жолбун ит, мышыктардын таламын талашкан ойлорду айтканы менен көпчүлүгү сөз бойдон эле калат. Шаар бийлиги жолбун иттер менен күрөшүү боюнча олуттуу аракеттерди көрө элек. Анткени андан да маанилүү маселелер турат.
Бир гана борбордо эмес, азыр өлкөнүн бардык аймактарында жолбун иттердин маселеси курч бойдон турат. Тилекке каршы үй жаныбарын асыроо маданияты бизде көп учурда төмөн бойдон калууда дешет адистер.