Жаңылыктар
Ээси жок көчө таптаган иттер көбөйдү
Ден соолук
Ээси жок көчө таптаган иттер көбөйдү

Борбор калаада шаар турдарына коркунуч жараткан ээсижок иттер жаңы конуштарда көп. Себеби жарандар өз иттерин байлап, бакпайт.  Ошондой эле көчө иттери эч бир  ветеринардык жактан  көзөмөлдөнбөй, мындан улам адам саламатчылыгыүчүн коркунуч жаратып келет.  Ал эмикоомчулук бул көйгөйдү чечүүнүн түрдүү жолдорун айтышууда. 

Жыл башынан бери мэриянын Тазалык муниципалдыкишканасына иттерди атуу арызы менен 38 тургун кайрылган. Алар негизинен өзүнүнжеке коопсуздугунан коркуп арыз жазгандар. Кайрылуулардын негизинде 4500 миңденашык иттер жок кылынган.  «Тазалык»муниципалдык ишканасынын Санитардык экологиялык бөлүмүнүн башчысы БолотКозгелдиевдин айтымында көйгөй жараткан иттер жаңы конуштарда көп.  

Көчөлөп жүргөн иттердин басымдуу бөлүгү кутурмага каршы эмделген эмес.  Андан сырткарыбагууда болбогондуктан ар кайсы жерде тамактанып түрдүү илдеттерди алып жүрүшүыктымал. Адистер дагы  мындай абал жарандардынжеке коопсуздугу жана саламатчылыгы үчүн коркунуч бар экендигин белгилешет.  

Ээси жок көчөлөп жүргөн иттерди кормоого мүмкүн болбогондуктан жеринен эле атышат. Андансоң шаардык санитардык таштандыга көмүлөт. Мындай ыкманы дүйнөнүн  көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонушат. Себеби акчакаржаттын аз талап кылат. Ошондой эле атайын иттерди кабыл алган борборду ачыпиштеген ыкма батыш өлкөлөрүндө колдонулуп келет. 

Эске сала кетсек борбор калаада жыл башынан бери4500ден ашык иттер жок кылынып, көмүлгөн. 

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»