Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга жогору. Бирок дыйкандар мол түшүм алганына карабай, картошканын баасы төмөн болуп, мээнет акталбай жатат. Өткөн жылы ушул күндөрү бир килограммы 8-10 сом болсо, учурда 5 сомдон 7 сомго чейин бааланууда.
Айыл чарба азыктарын экспортто маселесин Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрин кабыл алып талкуулады.
Уланбек жазда 25 сомдон үрөн алып 2 гектарга картошка тиккен. Мол түшүм алам деп жайы менен мээнет кылып, күздө 12 тонна картошка жыйнаган. Алган түшүмүн сатайын десе баасы чыкпай жер төлөсүндө сакталуу турат. Дагы бир дыйкан Мурат айылда дүң баасы келишпей, терген картошкасын Балыкчынын базарына ташып келип сатууда. Базарда картошканын килограммы 10 сом болгону менен соодалаша келгенде көп деле өтпөйт жатканын айтат.
Эгер Өзбекстанга картошка же башка айыл чарба азыктарын ташыйм дегендерге чек ара ачык, ал үчүн тиешелүү документтери белен болушу кажет. Бирок ачык турган чек ара пункттарында картошка жүктөгөн унаалар жокко эсе. Жылдыз Сазматова көптөн бери дүң базарда картошка алып, кайра сатып иштейт. Соодагер дыйкандар алган түшүмүн базарга ташып келип 7 сомдон өйдө баалап сатып жатканын билдирди. Ал эми коңшу өлкөлөргө экспортко кеткен картошка базар баасы менен тең.