Жаңылыктар
Борбор калаада 52 жаңы троллейбус каттай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада 52 жаңы троллейбус каттай баштады

Борбор калаада 52 жаңы троллейбус каттай баштады. Коомдук транспорт шаар жетекчилиги менен жумушчулардын катышуусунда ишке берилди. Троллейбустардын 37 даанасы Россиядан жана он беши Беларустан алып келинген. 

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы коомдук унааны алып келүү менен №2 жана №6 маршуттук каттамды кайрадан ачты. 

Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын базасында жаңы троллейбустарды кошкондо 169 бирдик коомдук унаа бар.