Жаңылыктар
Борбор калаага заманбап жаңы троллейбустар алынып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага заманбап жаңы троллейбустар алынып келинди

Бишкек шаарына 52 заманбап жаңы троллейбус алынып келинди. Бул аракеттер Европа реконструкция жана өнүгүү банкы тарабынан, коомдук транcпортту өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды.  Алардын 42си учурда шаар ичинде белгилүү пункттар боюнча каттамдарда жүрүп жатса, ону жакынкы арада колдонууга берилет. 

Учурда №2 жана №6 маршруттар кайрадан калыбына келтирилип, №10 троллейбустун каттамы узартылды. Дагы кошумча маршруттук схемалар иштелип чыгууда. Жалпы 7,9 млн.евро сарпталып, анын ичинен 5 млн евро насыяга, 2,9 млн.евро гранттын негизинде алынган. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"