Кыргызстан дүйнөдөгү жайдары жашоодо жашаган өлкөлөрдүн башкы сабында. Бул тууралуу "Гэллап Глобал" эл аралык иликтөө борбору жүргүзгөн сурамжылоосунда белгилүү болгондугун «Нью-Йорк Таймс» гезити жазып чыкты. Калкы азыраак терс эмоциялык абалда тиричилик өткөргөн 20 өлкөнүн катарына Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан кирген. 2017-жылы эл аралык мекеме дүйнөдөгү 147 өлкөнүн жарандары арасында он жана терс маанайдагы сүрөөнү камтыган сурамжылоо жүргүзгөн.
Адистердин баамында, өлкөдө акыркы 10 жылдан тартып элдин турмушу, жашоо шарты, бири-бирине болгон мамилеси оңолуп, жаңы доордун жаны баскычтарына багыт ала баштады. Кыргызстандагы саясий туруктуу абалдын калыптанышы да элди тынч жашоого алып келгендигин саясатчылар белгилешет.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"