Кыргыз эли байыртадан бери эле табият менен таттуу мамиледе болуп, жаратылыштын сырын андай билишкен. Ошондуктан өздөрүнүн жашоосунда ар кандай ырым-жырымдарды колдонушкан. Мисалы ырым-жырымдарды,тыюуларды адамдын өсүп-өнүгүүсүндө, ден соолукка байланыштуу, турмуш-тиричиликте колдоно билишкен ырым-жырымдардын айрымдары азыр да өз маанисин жоготпой келе жатат. Бирок, маани-маңызын чечмелеп, терендеп түшүнбөй келебиз... «Кыргыз элинин ырым-жырымдарынын мааниси» тууралуу кеп кылабыз.
Талкууга: филология илимдеринин доктору, профессор, Манас таануучу Жылдыз Орозбекова, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институнун окутуучусу Орозобек Түгөлбаев, «Бак дөөлөт» фондунун негиздөөчүсү Беркибай кызы Гүлнур жана жетекчиси Мелис Мураталиев , Манасчы Замаир Баялиев катышат.
Талкууну Жылдыз Мырзабекова алып барат.