Жаңылыктар
Дүйнө жүзүн кучагына алган ишембиликке Кыргызстан да жигердүү катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнө жүзүн кучагына алган ишембиликке Кыргызстан да жигердүү катышууда

Дүйнө жүзүн кучагына алган ишембиликке Кыргызстан да четте калбай, жигердүү катышууда. Массалык тазалоо акциялары өлкөнүн бир катар облустарында жана ири шаарларында өтүүдө. 

Ыктыярчылар Бишкек шаарында эле 70тей жайды тазалоого алышты. Глобалдуу акциянын катышуучулары акыр-чикирлерди тазалап бүткөн соң, чогулган таштандыны ылгап, жарактуу материалдарды кайра иштетүү үчүн бөлүштүрүшөт. 

Айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтуу үчүн мектеп окуучулары, мамлекеттик кызматкерлер, демилгелүү карыялар, жаштар жана өз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карабаган адамдар ишембиликке чыгышкан.