Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өзүнүн аппаратындагы жамааты менен бирге ишембиликке чыгып, Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын айлана-тегерегин тазалашты.
Бактын аймагын тазалашып, эл катары таза жашоого салымын кошту. Жумушка «Эко Деми» коомдук фондунун ыктыярчылары дагы кол кабыш кылышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков волонтерлор менен бирге Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндөгү акциянын катышуучуларына онлайн салам жолдоду. Ишембилик аяктагандан кийин президент бактарды аралап, бакчанын жалпы абалынан кабар алып, таанышып чыкты.
Бакты реконструкциялоонун планы тууралуу мамлекет башчысына Ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева менен Бишкектин мэри Азиз Суракматов айтып беришти.