Жаңылыктар
Борбор калаанын конуштарында көгүлтүр отко ээ болгондор көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын конуштарында көгүлтүр отко ээ болгондор көбөйүүдө

Бишкектин Арча-Бешик конушунда 6 миң үйгө газ жеткирилет. Бул үчүн көгүлтүр отту көзөмөлдөй турган атайын пункт ачылып, ишке берилди. Үйүнүн курулушу талапка жооп берген ар бир жаран газ түтүктөрүнө ээ боло алат.

Арча-Бешик конушунун кезектеги көчөсүнө газ киргизилүүдө. Көчөдөгү газ түтүктөрүн ишкана өзүнүн эсебинен курат. Ал эми андан ары үйдүн ичине киргизүү үчүн куурдун метри 600 сом деп эсептелди. “Газпром” ишканасы бул баа туруктуу, өзгөрүүсүз кала берээрин билдирүүдө.

Бул калктуу конушта 6 миңден ашык үй көгүлтүр от менен камсыз болот. Газ алууну каалагандар алдын ала кайрылып, үйдүн курулушу талапка жооп берээрин тастыктаган корутундуну көрсөтүшү керек.