Жаңылыктар
Борбор калаадагы №10 троллейбустун каттамы узартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы №10 троллейбустун каттамы узартылат

Борбор калаадагы №10 троллейбустун каттамы узартылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, учурда Москва көчөсүнүн Фучиктен Интергельпого чейинки бөлүгүнө троллейбус зымдары тартылып жатат. Анын узундугу 800 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандар Троллейбус башкармалыгына кайрылып, маршрутту узартып берүүнү суранып келишкен. Буга Интергельпо көчөсүндө эки мектеп, Ленин райондук социалдык фонду жана башка мекемелер жайгашканы себеп болгон.