Кара-Балта шаарынын мурунку “Килем” комбинатынын жатканасынын жашоочулары шаар мэрине нааразычылыгын билдирип маалымат жыйын курушту. Анда чатырларынан суу агып, муздак суунун экинчи кабатка жетпей жатканы айтылат. Бирок ушул эле шаардын дагы бир нече жарандары алардын айыптоосун негизсиз деп, калаа боюнча 200 дүн тегерегинде көп кабаттуу үй бар экенин, зарыл болгон оңдоп түзөө, көрктөндүрүү жумуштарын менчик ээлери өздөрү эле жасап алыш керектигин удаа өткөн маалымат жыйында билдирип чыгышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзам боюнча турак жайдын ички инженердик техникалык жумуштарын өздөрү аткарышаарын ошол эле учурда жаткананын жер төлөөсүндөгү суу түтүктөрүн жана сырткы суу түтүгүн оңдоп беришкенин белгилешет.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"