Жаңылыктар
Ош шаарында бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу башталды

Ош шаарында бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу башталды. Учурда 1500 бала кезекте турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Буга чейин электрондук кезек Бишкек шаарында киргизилип, бала бакчаларга 3,5 миң бала кабыл алынган. Жалпысынан 10 миң 264 арыз түшкөн. Кезекте бош орун бар болгону тууралуу маалымат ата-энелердин электрондук почтасына келет. 

Ошондой эле, http://balabakcha.edu.gov.kg сайтынан да кайсы катарга келгенин билүүгө болот. Кезек келгенден кийин 15 иш күнү ичинде тийиштүү документтерди тапшыруу зарыл. Эгерде тапшырбай калса, ордун жоготуп алат. Убагында документтерин тапшырбай калып, кезегин жоготуп алгандардын саны 706ны түзгөн.