Жаңылыктар
Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан дүйнөнүн көңүл чордонунда

Ушул аптада дүйнөнүн назары Кыргызстанга бурулууда. Өлкөбүз эл аралык маанидеги саясий, маданий жана спорттук иш-чаралардын чордонуна айланды. Бул күндөрү өлкөгө Казакстандын, Азербайжандын, Түркиянын, Өзбекстан менен Татарстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри келип, бүйүрдү кызыткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болду.

Өлкөдөгү дүйнөлүк масштабдагы маанилүү иш-чаранын бири-3- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө өтүүдө. Бул ири саамалык менен Кыргызстандын экономикалык, геосаясий жана туристтик абалы жогорулайт. Аны чагылдырууга келген чет элдик журналисттердин саны арбын. 

Чынында эле Чолпон-Атанын ат майданына эл жык толуп, батпай турду. Көпчүлүгү чет элден келген туристтер. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын, президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өңдүү Кыргызстандын мартабалуу коноктору да келди. Көчмөндөрдүн маданиятын туюндурган маданий программа оюндун ачылышын түздү.

Ысык-Көлдүн жээгинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алтынчы саммити да эшигин ачты. Саммитте кеңештин төрагалыгын Казакстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул уюм 2009-жылы түзүлгөн. Анын курамында Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мамлекети бар.

Сыйлуу меймандар да көпчүлүк сымал Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн байыркы жашоо-турмушуна, маданиятына баш бакты. Кыргыздын меймандостугу кай жерде болсо да калбайт. Мында ар бир боз үйдө дасторкон жайылып, келген коноктор көчмөн элдин даамдарынан ооз тийишти.