Жаңылыктар
Бишкек шаарында жаңы салынган Борбордук мечиттин ачылышы болду
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек шаарында жаңы салынган Борбордук мечиттин ачылышы болду

Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин ачылышы болду. Ага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Ачылыш аземде Сооронбай Жээнбеков - терроризм менен экстремиздин алдын алууда мечиттердин орду чоң экенин белгиледи. 

Ошондой эле кыргыз жаштарын ар кандай шойкомдуу диний кыймылдарга кошулуп кетүүсүн алдын алып, салттуу ислам динин карманууга чакырык таштоодо мындай ыйык жайлардын ролу чоң, - деп кошумчалады. Муну менен катар өлкөнүн өнүгүүсүнө үндөгөн чакырыктар дал ушул мечиттерде дагы айтылышы керектигин белгиледи. Ал эми Режеп Тайып Эрдоган бул мечит тарыхый байланышы бар кыргыз жана түрк элдеринин достугунун символу экенин айтты.