Эми Көчмөндөр оюндары өтчү жайларда тамеки тарткандар айыпка жыгылат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, Көчмөндөр оюндарына карата атайын кабыл алынган концепцияда иш-чара өтчү жайларда чылым чегүүгө тыюу салган пункт бар.
Мындан улам Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана спорт комплексинде тамеки тартууга болбойт. Биринчи жолкусунда ыктыярчылар эскертүү берет.
Талапка ылайык, тамеки тартып кылтакка илинген адамдар 500 сом, кызмат адамдары 1000-2000 сом, ал эми юридикалык тараптар 10 миңден 50 миң сомго чейин айып тартат.